Жалал-Абад облустук милициясы «Баха» аттуу каймана аты бар, Базар-Коргон районунун тургуну, мурда Орусияда жана Кыргызстанда киши тоноп соттолгон, 39 жаштагы А.Б. аттуу жаранды кармады.
Ал Ички иштер министрлигинин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары (Кримтөбөл К.Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу тобуна кирет — ИИМ) каттоодо турган.
Анын үстүнөн 22-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун 60 жаштагы тургуну А.Ш. милицияга «Баха аттуу жаран бирөөдөгү карызын өндүрүп бере турганын жана тендерлик иштерди пайдасына чечип берерин» айтып, 110 миң сом акчасын алып алып, бербей жүргөнүн айтып кайрылган.
Аталган факты Жалал-Абад облустук милициясынын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Иштин алкагында 1-октябрь күнү шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Жалал-Абад шаардык сотунун токтомунун негизинде, анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Сентябрь айынын ортосунда Жалал-Абад милициясы курал колдонуу менен оор кылмыш кылган деп шек саналган уюшкан топтун үч мүчөсүн кармаган. Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну жана Базар-Коргон районунун милицияда кылмыштуу топтун мүчөсү болуп каттоодо турган 44 жаштагы тургуну эки айга камалган.