Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери 2-6-класстар үчүн салттуу билим алууну жандантууну сунуштабайт. Бул тууралуу аталган борбордун башчысы Кубан Кундашев ЖМКларга билдирди.
«Биз азырынча мектептерди ачпай туруу сунушу менен мэрияга кат жолдодук. Окуу жайларда балдардын саны көп. Ар бир класста 40-50 бала, өзгөчө 3-4-5-6-класстарда. Анын үстүнө оорунун жайылышы күчөп баратканы байкалууда: сутка ичинде Бишкекте жыйырмадан ашуун учур катталып жатат. Балдар негизи илдетти симптому жок алып жүрөт. Айрым үй-бүлөлөрдө чоң ата, чоң энелери менен бир үйдө чогуу жашашат. Биз өзүбүзгө жоопкерчилик алгыбыз келбейт. Катты мэрияга жума күнү жазганбыз», — деген Кундашев.
Анын айтымында, акыркы чечимди шаардык муниципалитет жана эпидемиологияга каршы комитет кабыл алат.
Эскерте кетсек, бүгүн, 5-октябрда Кыргызстан боюнча илдеттин жаңы 207 учуру катталды. Алардын ичинен 26 учур Бишкек шаарынан аныкталган.