Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарчасында турак үйдөн өрт чыгып, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турак үйдүн 1 жарым чарчы метр полу күйгөн. Өрттөн 77 жаштагы карыя каза болгон. Анын денесинин 80 пайызы күйүп калган.
Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.