Оппозициячыл партиялар элди митингге чыгууга чакырды

Автор -

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан «Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын талапкерлери 4үнөн бешине караган түнү маалымат жыйын өткөрүштү. Алар кыргызстандыктарды бүгүн, 5-октябрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына саат 14.00дө акцияга чакырышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда, 4-октябрдагы шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өтүшкөн.

Бөлүшүү