Алмазбек Атамбаев «Форумдун» алдындагы жыйынга катышкан жок

Автор -
@April.kg

Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаарындагы «Форум» ишканасынын алдында өтүп жаткан жыйынга экс-президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу келе албай калды.

«Алмазбек Шаршеновичтин УКМКдан чыккандан кийин абалы бир аз жакшы эмес болуп жатат. Ал келем деп даярданып жаткан. Бирок биз келбей туруусун сурандык. Атамбев ден соолугу калыбына келгенде эл алдына чыгат», — деди мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жыйын учурунда.