Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев бошотулду (видео)

Автор -

Бишкектеги СИЗО-1ден Кой-Таш окуялары боюнча айыпталып жаткандар чыгарылды, деп жазат 24.kg.

Алардын катарында президент аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов жана УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев дагы чыккан. Аларды сырттан тарапташтары тосуп алды.

Эске сала кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин санаалаштарынын арасынан Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов гана бошотула элек.