Мамкаттоо кызматы: «Ата-Мекендин» адамдары рейдерлик менен алектенишүүдө

Автор -
316

Бүгүн, 6-октябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын жамааты ачык кайрылуу таратты. Анда айрым саясий күчтөр учурдан пайдаланып мамлекеттик уюмдарды жана ишканаларды рейдерлик басып алуу менен алектенип жатканы айтылат.

«Бүгүн эртең менен Мамлекеттик каттоо кызматынын борбордук аппаратынын имаратына «Ата-Мекен» саясий партиясынын атынан адамдар тобу келип, төрагага эшикти көрсөтүп, кызматтан кетүүгө мажбурлашты. Мындан соң бул «азаматтар» Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагындагы ишканаларда орун бөлүштүрүп башташты», — деп айтылат маалыматта.

Бирок «Унаа» мекемеси менен «Инфокомдун» кызматкерлери ал адамдарга каршылык көрсөтүшкөн.

«Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык базаларында Кыргыз Республикасынын калкынын жеке маалыматтары бар, алар тийиштүү олуттуу коргоого алынышы керек жана коопсуз объектилерде жайгашкан, аларга башка адамдарды киргизүүгө болбойт. Жогорудагы жаштар Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине келишсе, биздин коопсуздугубузга, ошондой эле биометрикалык чет элдик паспортторду киргизүү сыяктуу бир катар өзгөчө маанилүү мамлекеттик долбоорлордун башталышына коркунуч жаралат», — дешет мекеме өкүлдөрү.

Мындан улам жамаат коомчулукка жана жаңы түзүлгөн координациялык кеңешке кайрылып, стратегиялык жактан маанилүү мамлекеттик органдардын жана ишканалардын рейдерлик баскынчылыкка кабылышына жол бербөөгө чакырат.