Өкмөттүн Нарын, Талас жана Ысык-Көлдөгү өкүлдөрү кызматтан кетүү арызын жазышты

Автор -

Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал өзү соцтармакта билдирди.

Андан сырткары өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмил Алымкулов, Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев дагы кызматынан кеткени айтылууда.  Талас облусунда өкүл менен кошо төрт райондун акимдери да кызматтан кетүү арыздарын жазды.

Ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков төрт райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кошо кызматын тапшырганы кабарланды.

6-октябрда Нарында, Таласта жана Караколдо эл чогулуп, бийликти өткөрүп берүүнү талап кылышкан.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

Бөлүшүү