Бүгүн COVID-19 илдетин жуктуруп алган 298 бейтап катталды

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктуруп алган 298 бейтап катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Алардын ичинен 211 адамдан коронавирус аныкталса, 87 адамдыкы — пнемония. 

  • Бишкек — 57
  • Ош — 20
  • Чүй облусу – 10
  • Ош облусу — 61
  • Талас облусу – 8
  • Нарын облусу — 1
  • Ысык-Көл облусу – 5
  • Жалал-Абад облусу – 47
  • Баткен облусу — 89.

Март айынан бери коронавирус жана пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны 48 миң 97 адамга жетти. Алардын ичинен 43 798 адам айыгып чыкты.