Бишкек мэринин милдетин аткаруу Алмаз Бакетаевге жүктөлдү

Автор -

Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевге жүктөлдү. Мындай чечимди координациялык кеңеш кабыл алды деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, координациялык кеңештин чечимине Алмаз Бакетаев макул болду.

6-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган. Кийинчерээк, шаар мэринин кызматын Жоошбек Коёналиев убактылуу аркалай турганы, аны оппозиция убактылуу мэр кылып шайлаганы кабарланган. Жоошбек Коёналиев шаардык кызматтар менен жолугушуу өткөрүүгө жетишкен.