Мирлан Самыйкожо КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды, деп жазат Super.kg.
6-октябрда КТРКнын байкоочу кеңеши Чынар Капарова менен Мирлан Самыйкожонун талапкерлигин карады. Анда аталган кызматка байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдыз Бакашеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, убактылуу директор болуп дайындалган.
Кийинчерээк КТРК бул чечимди кайра карап, мекеменин башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Мирлан Самыйкожо дайындалды.
Буга чейин белгилүү болгондой, КТРКнын мурунку директору Жайнак Үсөн уулу 6-октябрда өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткен.