Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония менен 245 киши катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, алардын 130у коронавирус менен кайрылса, 115 адамдыкы пневмонияга айланып кеткен.
- Бишкек — 77
- Ош — 13
- Чүй облусу – 17
- Ош облусу — 62
- Талас облусу – 3
- Нарын облусу — 2
- Ысык-Көл облусу – 8
- Жалал-Абад облусу – 44
- Баткен облусу — 19
Март айынан бери илдет жугузуп алгандардын саны 48 миң 342 адамга жетти. Анын 43 миң 957си айыгып чыкты.