Азиз Суракматов: 5-6-октябрдагы митингден шаарга 17 млн сом зыян келтирилди

Автор -
215
@Табылды Кадырбеков / Sputnik

Митинг учурунда шаарга келтирилген болжолдуу зыян боюнча мэрия брифинг учурунда маалымат берди.

Алардын айтымында, шаарга келтирилген зыянды эсептөө иши улантылууда.

«Митинг учурунда шаарга 17 миллион сом зыян келтирилди, 12 автобус талкаланган, ИИМдин патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жана Бишкек ШИИББинин 16 унаасы талкаланган. Тез жардам кызматынын 6 унаасы зыянга учураган», — деди шаар мэри Азиз Суракматов.