Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин жаңы 275 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алардын 178инен коронавирус лабораториялык жактан тастыкталса, 97 адам пневмонияга чалдыккан.
Аймактар боюнча:
- Бишкек — 40
- Ош — 25
- Чүй облусу – 28
- Ош облусу — 49
- Талас облусу – 2
- Ысык-Көл облусу – 10
- Жалал-Абад облусу – 47
- Баткен облусу — 74.
Кыргызстанда 9-октябрга карата коронавирус илдетин жуктургандардын саны 48 миң 617 адамга жетти. Анын ичинен 44 миң 97 адам айыгып чыкты. Учурда 1 456 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат, үйдө 1 533 бейтап дарыланууда. Жалпы бейтаптардын саны — 2 989. 9-октябрга карата 1077 адам каза тапты.