Соңку суткада COVID-19 илдети 4 адамдын өмүрүн алды

Автор -

COVID-19 илдетинен соңку суткада Кыргызстанда төрт киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Алардын экөө пневмониядан көз жумса, экөө коронавирустан оңоло албай калган.
Бейтаптардын бири Ош облусунда, экөө Баткенде, бирөө Жалал-Абадда дарыланып жаткан.

Ушуну менен март айынан бери бул илдеттен каза тапкандардын саны 1 миң 77 адамга жетти.