Төрт саясий партия Бабановду премьер-министрликке сунуштады

Автор -

Төрт саясий партия Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке, Тилек Токтогазиевди вице-премьер-министрликке көрсөтүштү.

«Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» партияларынын лидерлери «Акыркы үмүт» деп аталган меморандумга кол коюшту.

Өмүрбек Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, легитимдүү түрдө, шайлоо аркылуу бийликке келүү туура экенин айтты.

Ал өкмөт башчылык кызматын басып алууга аракет кылгандарды сындап, өлкөдө адилеттүүлүк орношу керектигин айтууда.