УКМК: Матраимовдордун туугандары кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди

Автор -

Матраимовдордун инисин жана туугандарын өзбек бийлиги кыргыз тарапка өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

2020-жылдын 6-октябрында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен 1967-жылы туулган Тилек Матраимов, 1989-жылкы Зиябиддинбек Кочкорбаев, 1979-жылкы Махсуд Ахмедов өзбек чек арачылары тарабынан кармалган.

Кармалгандар бүгүн, 9-октябрда кыргыз тарапка өткөрүлүп берилип, УКМКнын Тергөө органдары тарабынан аларга карата мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Тергөө жүрүп жатат.