ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигине дары-дармек берди

Автор -

Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Саламаттыкты сактоо министрлигине гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Эндокринологиялык борборуна 3 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Жүктү Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева кабыл алды. Анын айтымында, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргыз өлкөсүндөгү министрликке кант диабети менен күрөшүү үчүн керектүү дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды берген.

«Диабет менен ооруган адамдар коронавирус инфекциясын жуктуруп алганда күчөй тургандыгын билебиз. Кыргыз өлкөсүндө 63 миңден ашуун адам кант диабети менен ооруйт. Алардын 640ы балдар жана өспүрүмдөр. Бул илдетке каршы күрөшүү — министрликтин артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Министрликтин атынан ЮНИСЕФке көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирем», — дейт Нургүл Ибраева.

ЮНИСЕФ тарабынан 8 миң инсулин таңгактары, 5 миң инсулин шприцтери, 1300 кан жана заара глюкозасын текшерүүчү тилкелер жана колдонулган шприцтер үчүн идиштер берилди. Бул жардам Бишкек, Ош шаарларындагы жана бардык облустардагы медициналык уюмдарга таратылат.