Жалал-Абад облустук жана Кадамжай райондук соту карантинге жабылды

Автор -

Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда жана Жалал-Абад облустук сотунда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандар аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сотторду карантинге жабуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык кызматынын буйругу чыккандыгы маалым болду», — деп жазылат маалыматта.