Чүйдө эки унаа кагышып, жаш кыз жабыркады

Автор -

Чүй облусундагы Чүй айылында болгон жол кырсыгынан жаш кыз жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 11-октябрь күнү саат 22:52 чамасында Чүй районунун Чүй айылындагы Султан Ибраимов көчөсүндө Volkswagen Passat жана Chevrolet унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Натыйжада 2000-жылы туулган кыз жабыркаган.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү