Чүйдө КамАз менен жеңил унаа кагышып, эки адам жабыркады (видео)

Автор -

Айланма жолдо такси кызматындагы унаа оодарылып, андан эки жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 10го жакын убакытта орун алганы айтылат.

«Такси кызматынын айдоочусу Бишкекти карай баратып, КамАЗ менен бет маңдай сүзүшкөн. Кагылышуудан улам жеңил унаа оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган эки жүргүнчүнү ооруканага алып кетишти. Алардын абалы жана жаш курактары белгисиз» , — деп жазылат маалыматта.

Кырсык болгон жерден тартылган тасмасы «Короче» телеграм-каналына жарыяланды.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү