Милиция «Дордой Моторс» базарында кызды сабаган кишини издеп жатат

Автор -
204

Милиция «Дордой Моторс» соода борборунда кызды сабаган кишини издеп жатат. Бул туурасында Бишкектин Ленин райондук ИИбиин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин İnstagram соцтармагында болжол менен Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан «Дордой моторс» базарында белгисиз бир киши кызды сабап жаткан видео жарыяланган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 266-берене менен кылмыш иши ачылды.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, ал адамдын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо үчүн ыкчам чаралар көрүлүүдө.

Бөлүшүү