Бир сутка ичинде COVID-19 илдети 298 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, эң көп учур Баткен облусунан табылган. Аймактардагы жаңы аныкталган учурлар:
— Бишкек — 59
— Ош — 33
— Чүй облусу – 13
— Ош облусу — 51
— Талас облусу – 3
— Ысык-Көл облусу – 13
— Жалал-Абад облусу – 40
— Баткен облусу — 86.
Март айынан бери 49 миң 528 кишиден коронавирус аныкталды. Анын ичинен 44 522 адам дарыланып, айыкты.