Сутка ичинде COVID-19 илдети 298 адамдан табылды

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдети 298 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эң көп учур Баткен облусунан табылган. Аймактардагы жаңы аныкталган учурлар:
— Бишкек — 59
Ош — 33
Чүй облусу – 13
Ош облусу — 51
Талас облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 13
Жалал-Абад облусу – 40
Баткен облусу — 86.

Март айынан бери 49 миң 528 кишиден коронавирус аныкталды. Анын ичинен 44 522 адам дарыланып, айыкты.

Бөлүшүү