Токтогулда жол кырсыгынан 3 адам каза болду, жабыркагандар да бар

Автор -
242

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 6 киши жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 12-октябрь күнү саат 13:48 чамасында Бишкек − Ош унаа жолунун 310-чакырымында, тактап айтканда, Кара-Жыгач айылында болгон. Анда Honda Odyssey жана Toyota 4Runner үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган. Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

Бөлүшүү