Жалал-Абад шаарынындагы облустук бириктирилген жаңы 100 орундуу корпусунун курулушу 47 % бүткөрүлдү. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Жалал-Абад шаарынындагы облустук бириктирилген жаңы 100 орундуу корпусунун курулушу 2019-жылы башталган. Объекттин долбоордук кубаттуулугу 100 орунга эсептелген.
Курулуш жумуштары республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча жүргүзүлүүдө. КР Финансы министрлиги тарабынан объектке жапысынан 50 млн сом каржыланды.
Учурда объекттин подряддык уюму тарабынан жумуштар толук кандуу жүргүзүлүп жер-төлөөнүн пайдубалы, колонналары, ригелдери, сырткы дубалдары, ички тосмолору орнотулуп, полдор бетондолду. 1-2-кабаттын сырткы дубалдары, колонналары, калка тосмолору, ички тосмолору орнотулду, электрмонтаждоо жумуштары аягына чыкты, полдору бетондолду, терезелери коюлду. Ошондой эле, дубалдын шыбак жумуштары аткарылып жатат. Имараттын чатыры жабылып, учурда сырткы жылуулоо жумуштары жасалууда жана откананын дубалдарын тургузуу, сырткы канализациясы жасалып жатат.
Имараттын жалпы аянты 2975,6м2. Объектиде 45 жумушчу иштеп жатат.
Пайдаланууга тапшыруу мөөнөтү 2020-жылдын ноябрь айына пландалган.