Жээнбеков парламентке Жапаровдун бекитилишин кайра кароону сунуштады

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин кезектеги жыйынында Садыр Жапаровго байланыштуу маселени кароону сунуш кылды.

14-октябрда мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канат Исаевге кат аркылуу кайрылды.

Анда Жогорку Кеңеш премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаровдун программасын бекитүү, өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча чечимдерди мыйзам сактабай кабыл алгандыгы, ошондуктан президенттик аппарат баарын кайра парламентке кайтарып бергени айтылды.

Мамлекет башчысы бул маселени Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуш кылды.

Парламент 10-октябрдагы кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду жана анын өкмөтүн бекитип бергени кабарланган. Жогорку Кеңештин ал күнкү чечимдеринин негизинде кабыл алынган токтомду президент 13-октябрда артка кайтарган.

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулганы жатат. Күн тартибинде — өкмөттү бекитүү маселеси.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү