COVID-19 илдетинен соңку суткада 5 адам каза болду

Автор -

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен жана пневмониядан Кыргызстанда 5 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, каза тапкандардын бирөө Бишкек шаарында дарыланып жаткан. Калган төрт адамдын экөө Ош облусунан, дагы экөө Баткенден.

Март айынан бери өлкөдө 1 миң 99 адам коронавирустун курмандыгы болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү