Бишкек шаарындагы мектептерде 1-6-класстар үчүн 1-чейрек онлайн уланат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай сунушту мэриянын алдындагы Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси, Бишкек шаарынын башкы санитардык врачы Кубан Кундашев берген.
«Биз кайсы убакта болбосун, салттуу окутууга өтүүгө даярбыз. Тилекке каршы, Бишкекте сентябрь айында 7-16 жаш курактагы 439 балада сасык тумоо аныкталды, октябрдын эки жумасында 425 бала сасык тумоо менен катталды. Алардын арасында 7 жаштан 16 жашка чейинки 33 балада коронавирус инфекциясы аныкталып, алардын ичинен 22 учур 7-13 жаштагы балдар болду», — деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.
Учурда мектеп имараттары жана анын тегеректери дезинфекцияланып, жетекчилер мектеп ишин жанданткан учурда коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө алгоритмдери менен таанышып чыгышкан.