Президенттик аппараттын жетекчиси алмашты

Автор -

Президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Кененбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кызматка Сүйүнбек Касмамбетов келди. Тийиштүү жарлыктарга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Сүйүнбек Касмамбетов 1960-жылдын 8-апрелинде Нарын облусунда туулган, жогорку билимдүү. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «тарых» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1977-жылы Чолпон-Ата шаарындагы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасында жумушчу болуу менен баштаган. 1979-жылы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасынын комсомолдук уюмунун катчысы болуп эмгектенип, 1979-1981-жылдары Советтер Армиясында кызмат өтөгөн.

1987-1989-жылдары — Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1989-1991-жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук компартиянын идеология бөлүмүнүн инструктору;

1991-1992-жылдары — Кыргыз Республикасынын Экономика комитетинин төрагасынын жардамчысы;

1992-1993-жылдары – Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин жардамчысы;

1993-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Маалымат, басма сөз, котормо жана жарыялоо бөлүмүнүн биринчи категориядагы адиси болуп иштеген.

1993-1994-жылдары — Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинде экинчи катчы;

1995-1996-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын жардамчысы;

1996-2000-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынын Этика, коомчулук менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси;

2000-2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жаштар, спорт, туризм, коомдук уюмдар менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси кызматтарын аркалаган.

2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппарат жетекчисинин орун басары;

2005-2008-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин аппарат жетекчисинин орун басары;

2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин аппарат жетекчиси;

2009-2010-жылдары Жогорку Кенештин аппарат жетекчисинин орун басары;

Ал эми 2010-жылы КР Убактылуу Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары жана КР Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматтарын аркалаган.

2011-жылдан тартып кайрадан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин аппаратынын орун басары кызматында иштеп келген.

Кыргыз Республикасынын III даражадагы мамлекеттик кенешчиси.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү