УКМК: Райым Матраимовдун коррупциялык иштерине аралашкан кырктай адам аныкталды

Автор -

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын
төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов жана башка кызматтык адамдар тарабынан түзүлгөн коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тергөө органдары тарабынан Райым Матраимовдун жакын айланасына кирген жана жогоруда айтылган коррупциялык схемага тиешеси бар кыркка жакын адам аныкталды.

«Азыркы тапта алардын жүргөн жери аныкталды. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш аракеттер жүрүп жатат. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке
тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.