Жалал-Абадда 28 жаштагы келин үч эм төрөп, Баатыр эне болду

Автор -
283
Иллюстрациялык сүрөт

16-октябрда Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө үч эм жарыкка келди, деп жазат «Азаттык». Төрөт үйүнүн жетекчилиги ырастагандай, Сузак районуна караштуу Кызыл-Кыя айылынын 1992-жылы туулган тургуну Аксана Омокова үч эм төрөдү.

Ымыркайлардын улуусу 2 кг 400 грамм, экинчиси 2 кг 300 грамм, үчүнчүсү 3 кг 100 грамм болуп төрөлгөн.

Балдардын жана эненин абалы жакшы. Аксананын үч эмден тышкары дагы үч уул, бир кызы бар.

Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге Баатыр эне наамы ыйгарылат.

Бөлүшүү