Жогорку Кеңештин сайтына хакердик чабуул жасалды

Автор -

Жогорку Кеңештин расмий сайтына The Black Pirate тобу тарабынан хакердик чабуул болду. Учурда андагы айрым маалыматтар жеткиликтүү эмес.  Анын ордуна төмөнкү маалымат чыгып жатат:

«Бул сайт, жана анын бөлүмдөрү The Black Pirate тобу тарабынан көзөмөлгө алынды. Логиндер жана сыр сөздөр, жеке маалыматтар, телефон номерлери, почталар жана алардын сыр сөздөрү, ошондой эле дагы бир нече мамлекеттик сайттар биздин көзөмөлдө турат.

Ошондой эле бизде Кыргызстан жарандарынын маалымат базасы бар.

Жарандардын, мамлекеттик кызматкерлердин жеке маалыматтарынын, алардын почталарынын, сыр сөздөрүнүн жана логиндеринин даркнетке сатылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн капчыкка 10 миң доллар которууну өтүнөбүз. Бул үчүн 20-октябрь, Москва убактысы боюнча саат 12:00гө чейин убакыт берилет».