Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин жаңы 384 учуру катталды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
— Бишкек — 42
— Ош — 67
— Чүй облусу – 27
— Ош облусу — 52
— Талас облусу — 6
— Ысык-Көл облусу – 15
— Жалал-Абад облусу – 57
— Баткен облусу — 118.
Кыргызстанда 20-октябрга карата илдет жуктургандардын жалпы саны 52 миң 910 адамга жетти.