Кыргызстан Европадан бюджетти колдоо үчүн акча сурады

Автор -
@Maralfm

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти кабарлады.

19-октябрда болгон сүйлөшүүдө Казакбаев менен Буриан Кыргызстандагы акыркы саясий абал тууралуу талкуулашты. Казакбаев өлкөдө бардык процесстер саясий нукка түшкөнүн, Кыргызстандын бардык органдары легитимдүү болгонун жана бардык бардык ведомстволор штаттык режимде иштеп жатканын белгилеген.

Ошондой эле министр Казакбаев жакында шайлоо өтө турганын да айткан. Мындан сырткары өлкөнүн бюджетине акчалай колдоо көрсөтүүнү жана кыргыз-европа тараптарынын ортосунда финансылык ккелишимдер боюнча сүйлөшүүлөрду уюштуруп берүүнү өтүнгөн.

Бөлүшүү