Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Матраимов УКМКнын имаратына алып келинди.
«2016-жылдан бери райым Матраимов менен дагы башка жооптуу кызматтагы адамдар коррупциялык схема түзгөнү аныкталды. Натыйжада мамлекет ири суммадагы чыгымга учураган», — дешти УКМКдан.