Соңку суткада COVID-19 илдетинен жана пневмониядан 2 адам каза тапты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын бири Баткен облусунда, экинчиси Бишкек шаарында дарыланып жаткан.
Ушуну менен коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1113 адамга жетти.