Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды

Автор -
@april.kg

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча Жогорку сотто өтүүчү соттук отурум 16-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбавдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, кылмыш ишин кароонун жылдырылышына судьялардын биринин ооруп калышы себеп болгон. Муну менен бирге жактоочу сотто кош стандарттуулук болуп жатканын билдирди. Иште коррупция боюнча бир да факт жок болгонуна карабастан, экс-президентти камакта кармап жатышат.

«Ал эми коррупция фактысы ачык-айкын көрүнүп турган иштерде фигуранттарды үй камагына чыгарып жатышат»,
деди юрист.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча жалпы 19 адамга айып тагылган. 2019-жылдын август айына карата алардын 14ү үй камагына алынып, 4 адам камакта кармалып, бирөөсүнө издөө жарыяланган.

Айыпталып жаткандардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов болгон.

Алардын иши Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө «коррупция» беренеси боюнча каралып, 2020-жылдын 23-июнунда сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп таап, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратканы тууралуу чечим чыккан. Ал эми Индира Жолдубаева бул иште күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилсе, Абдухалим Раимжанов менен Калыбек Качкыналиев бул иште күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза чегерилбей, сот залынан бошотулган.

Бөлүшүү