Райымбек Матраимов үй камагына алынды

Автор -

Кечээ, 20-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, Матраимов туруктуу жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тил катынын негизинде үйгө чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сотко чейинки өндүрүш иши аяктаганга чейин Матраимов тергөөчүнүн, прокурордун, соттун уруксатысыз убактылуу жашаган жеринен чыкпоо, сотко чейинки өндүрүшкө тоскоолдук кылбоо, белгиленген убакытта келүүгө милдеттендирилди», — дешти мекемеден.
Буга чейин Райымбек Матраимов УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан кармалган. Ал тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, республиканын бюджетине келтирген 2 миллиард сом зыянды толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдиргенин УКМКдан кабарлашкан. Райымбек Матраимов алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын депозиттик эсебине которгону маалымдалган.