COVID-19 илдетинен жана пневмониядан сутка ичинде 5 адам каза тапты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын экөө Баткен облусунда дарыланып жатышкан, калган үчөө Бишкек шаарынын тургундары.
Коронавирус алгачкы жолу катталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдеттен 1118 адам каза болду. Жалпы 53 миң 459 киши коронавируска чалдыкса, алардын 46 444ү айыгып чыкты. Учурда 2796 киши стационарда, 2612 киши үй шартында дарыланууда.