Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКга жеткирилди (сүрөттөр)

Автор -
363

Бүгүн, 22-октябрда УКМК кызматкерлери кримтөбөл Камчыбек Көлбаевди кармашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, азыр ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат, иш боюнча кенен маалымат кийинчерээк берилет.

Көлбаевди «Авангард» спорт-клубунан кармашкан.

Камчы Көлбаев криминалдык авторитет жана «мыйзамдагы ууру» катары эсептелери менен белгилүү. Ысык-Көл облусунун кулуну. Рысбек Акматбаевдин оң колу болуп жүргөн.

2011-жылдын июлунда Абу-Дабиде зергер буюмдар дүкөнүн тоноого шектелип кармалган. Аны менен бирге бир нече санаалашы кармалган. Ага карата Кыргызтанда  «Кылмыштуу топ түзүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 11-августта Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Бириккен Араб Эмирлигинин бийлигинен кармалгандарды экстрадициялоону  суранган, бирок 7-сентябрда Көлбаев бошотулган.

2011-жылдын июнунда АКШда Көлбаев расмий түрдө эл аралык наркобизнестеги негизги адамдадын бири катары таанылган.

2012-жылдын 8-декабрында Дубайдан экстрадицияланып келип, бир нече берене менен Кыргызстанда камакка алынган. Алар: адамды уурдоо, тоноочулук, кылмыштуу топ түзүү жана башка. Бирок соттук териштирүүнүн жүрүшүндө күбөлөр менен жабырлануучулар мурда берген көрсөтмөсүн танып башташкан. 2013-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи май райсотунда Көлбаев 5,5 жылга абакка кесилген. Экинчи инстанция өкүмдү жумшартып, 3 жыл берген. Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган. Кийин Көлбаев бошонуп чыкканы белгилүү болгон.

Бөлүшүү