Нариман Түлеев вице-мэрлик кызматтан кете турганын жарыялады

Автор -

Бишкек шаардык мэриясы Нариман Түлеевдин кайрылуусун таратты. Анда ал мэрлик  кызматтан кете турганын жарыялады.

Айтымында, бул чечим оор кабыл алынган.

«Өткөн жумада Азиз Суракматовдун өтүнүчү менен Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри кызматына келүүгө макул болгом. Азиз Эмилбекович жакшы иштеди, бирок шайлоого барууну чечкендиктен, мен мэрдин милдетин аткарып баштадым. Ишти өткөрүп алууга үлгүрө элегимде мэрдин креслосунун тегерегинде ар кайсы топтордун жана күмөндүү адамдардын арасында ыплас жана жийиркеничтүү күрөш башталып кетти. Алардын айрымдары кол көтөрүүгө чейин жетишти. Мен айрым адамдар бийлик жана амбициясы үчүн элди бири-бири менен чабыштырууга даяр экенин көрдүм», — деп айтылат Түлеевдин кайрылуусунда.

Мындан улам ал президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Садыр Жапаров менен кеңешип, мэрлик кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди.

«Жакында парламенттик, президенттик шайлоолор болот, 2021-жылы жазында Бишкек шаардык кеңешке шайлоо өтөт жана биз сөзсүз кайра жолугабыз», -дейт Түлеев.

20-октябрда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган. Ал эми кечээ буга нааразы болгон тараптар шаардык мэриянын алдына митингге чыгышты.

Бөлүшүү