УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты

Автор -

Крим авторитет Камчы Көлбаев уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө «мыйзамдагы ууру» аталган Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) байланыштуу маалыматтар алынган.

Бул материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Бүгүн, 22-октябрда Камчы Көлбаевдин жүргөн жери аныкталып, УКМКнын тергөө кызматына алынып келинген. Учурда УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларынын алкагында Көлбаевдин жана ага байланышкан адамдардын кылмыш чөйрөсүнөн кылмыш иштери жөнүндө маалыматтарды алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.


Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү