23-октябрь эртең мененки саат 8:00гө карата Бишкектеги ооруканаларда коронавирус менен катталгандарды кабыл алуу үчүн 349 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
— Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасында — 5 орун;
— Улуттук фтизиатрия борборунда — 10;
— Улуттук хирургия борборунда — 7;
— Улуттук госпиталь — 29;
— Улуттук кардиология жана терапия борбору — 29;
— №1 шаардык клиникалык оорукана — 7;
— Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 218;
— Темир жол ооруканасы — 1;
— Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 21;
— Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 6;
— №2 клиникалык төрөт үйү — 16.