Бүгүн-эртең тоолуу райондордо кар жаайт

Автор -
257

23-24-октябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул туурасында Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарындын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн.

Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, түндүгүндө 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу;

Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу,

-тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Бөлүшүү