Казакстан мындан ары ПЦР-тести жок эч кимди киргизбейт

Автор -

Казакстан мындан ары COVID-19 вирусун жуктурбаганын тастыктаган тести жок жарандарды өз аймагына киргизбейт. Бул шарт өздөрүнүн жарандарына дагы тиешелүү экенин Sputnik Казакстан агенттиги Telegram каналына жазды.

«26-октябрдан тарта авиакаттамдар менен келген ар бир адам ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Ансыз жүргүнчү бортко киргизилбейт. Тесттин жыйынтыгы жок адамды алып келген авиакомпания ири суммадагы айыпка жыгылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул шарттын беш жашка чейинки балдарга тиешеси жок экени кошумчаланды.