Коронавирустан соңку суткада 4 киши каза тапты

Автор -

Соңку суткада COVID-19 илдетинен жана пневмониядан 4 киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын бирөө Баткен облусунун, экинчиси Бишкек шаарынын, үчүнчүсү Жалал-Абад облусунун, төртүнчүсү Ош шаарынын тургуну болгон.

Бардыгы болуп бул илдеттен Кыргызстанда 1126 киши каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү