Бишкекте көчмө ыктыярчы топтордун иши жанданды

Автор -

Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому Бишкек шаарында көчмө ыктыярчы топтордун ишин жандантты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматта 2020-жылдын 26-октябрынан тарта Кызыл Жарым Айдын Бишкектеги командалары ыкчам тез жардамга муктаж болгон коронавируска шектелген жарандардын чакырууларына чыга баштаганы айтылат.

«Ыктыярчылар тобу дарыгерлерден жана ыктыярчылардан турат. Жумуш күнү-түнү жүргүзүлөт. Топтор толугу менен жабдылган, атайын унаада кычкылтек концентратору, пульсоксиметр, Амбу дем алуу каптары ж.б. меджабдыктар бар», — дешет штабдан.⠀

Коронавируска шектелген жарандардан чалууларды кабыл алуу боюнча ыкчам байланыш телефондору: 0502 300 190, 0704 007 574.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү