250 миң доллар алып качып кеткен. Көп жылдан бери издөөдө жүргөндөр кармалды

Автор -
544

Бейбаштыкка жана ири алдамчылыкка шектелип, көп жылдан бери издөөдө жүргөн кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Ноокат районунун 1994-жылы туулган К.К. аттуу жашоочусу 2015-жылдан бери издөөдө болчу. Ал 2014-жылы ноябрда Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан кафеде ээнбаштык кылып, кардардын бирин таш менен койгулап сабап салган. Жыйынтыгында жабырлануучунун саламаттыгына залал келтирилип, операция жасалган. Райондук милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык максатта саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен 234-беренесинин 2-бөлүмүндө (Адамдардын тобу тарабынан жасалган бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча иш ачылып, издөө салынган. Шектүү кармалды.

Андан сырткары, Ош облусунун Алай районунун 1976-жылы туулган А.Г. аттуу
жашоочусу (аял киши) кармалды. Ал 2009-жылдан бери мамлекеттер аралык
издөөдө жүргөн. Бул жаран Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда (кыйла ири көлөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча шектелүүдө.  А.Г. 2016-жылдан 2017-жылга чейин базарда иштеген 4 жарандын ишенимине кирип, акча каражатын алган соң изин жашырып белгисиз тарапка качып кеткен. Жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгым 4 540 000 сомду түзгөн.

2015-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун
Кара-Кулжа районунун тургуну, 1978-жылы туулган С.А. кармалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен 304-беренесинин 1-бөлүмүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштардын курамы боюнча козгогон иш боюнча
Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан 2012-жылдан бери издөөдө
жүргөн. Аталган жаран 2008-жылы алдамчылык жолу менен ЖЧКдан ири суммада акча каражатын — 250 000 АКШ долларын алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочусу 1986-жылы
туулган М.А. кармалды. Ал 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн. УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмү (коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка адамга, же коомдук
тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүүгө байланыштуу
жасалганда) көрсөтүлгөн кылмыштардын курамы боюнча иш козгогон.

Азыркы учурда издөөгө алган тарап кабарланып, укук коргоо органдары
тарабынан тиешелүү маселелер чечилип жатат.