Алайда энесин өлтүрүп алган окуучу кыз бошотулду

Автор -

Алай районунда 52 жаштагы энесинин өлүмүнө шектелип кармалган 17 жаштагы окуучу кыз кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Каргашалуу окуя ушул жылдын 24-апрелинде Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүндө болгон. Өспүрүм кыздын атасы мындан 7-8 жыл мурда каза болгон. Ал эми энеси көп жылдан бери ичкиликке берилип жүргөн. Каза болгон күнү да мас абалында болгон.

«Окуучу кыз менен энесинин ортосунда пикир келишпестик жаралып, кызы колуна кулпуну алып, апасын 2-3 жолу башка чаап жиберген. Жабырлануучу алган жаракаттарынан жаткан жеринде каза болгон. Үйдө экөө гана жашап жүрүшкөн. Бул иш боюнча иликтөө башталып, кыз эки айга камакка алынган болчу. Каза болгон аял төрт баланын энеси. Кылмышка шектүү С.А.нын ишин Алай райондук соту 14-октябрь күнү карап, сот залынан бошотту», — дешти соттон.

Кыз Жазык кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүмү (аффект абалында киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, Жазык кодексинин 60-беренесинин (Кодекстин өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунун негизинде жазык жоопкерчилигинен бошотуу) негизинде иши өндүрүштөн кыскартылып, жазык жоопкерчилигинен бошотулду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү